Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Украинанын Казакстандагы мурдагы элчиси Орусияда сыртынан кесилди


Петр Врублевский жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Ермухамбет Конуспаев. Архив
Петр Врублевский жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Ермухамбет Конуспаев. Архив

Москва шаарынын Басман райондук соту Украинанын Казакстандагы мурдагы элчиси Петр Врублевскийди алты жылга колонияга сыртынан кести. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары дипломаттын адвокатына шилтеме берип жазды.

Өткөн жылы ушул эле сот Врублевскийди алты жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Ага "улут аралык жек көрүүнү жана кастыкты козутуу" айыбы тагылган. Былтыр ноябрда сот ишти кайра кароо үчүн өкүмдү жокко чыгарган.

2020-жылдын декабрынан 2022-октябрына чейин Украинанын Астанадагы элчиси болуп турган дипломат жергиликтүү блогерге интервьюсунда согуш башталгандан кийин украиналыктардын орусиялыктарга мамилеси тууралуу суроого жооп бергенде: «Аларды болушунча көбүрөөк өлтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Орустарды азыр биз канчалык көп өлтүрсөк, биздин балдарыбыз аларды ошончолук азыраак өлтүрүүгө мажбур болушат», деп айткан. Элчинин бул айтканы социалдык тармактарга тарап кеткен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин реакциясынан кийин расмий Астана буга нааразылык билдирген, кийинчерээк Врублевский «айткан сөзү үчүн кечирим сураганын» кабарлаган.

Ошол жылдын октябрь айында украин президенти Владимир Зеленский аны кызматтан бошоткон.

Былтыр Орусияда Врублевскийге издөө жарыяланып, сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыккан.

Быйыл апрелдин башында Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 65 жаштагы Виктор Майко дайындалган. Ал Украинанын тышкы иштер министринин кеңешчиси, орун басары, Ооганстандагы элчиси болуп да иштеген.


Шерине

XS
SM
MD
LG