Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:01

Бишкекте курулуштагы кырсыкка жол берүүгө шек саналып эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) курулуштагы кырсыкка жол берүүгө шек саналып Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы К.Т. менен ири курулуш компанияларынын биринин деректири М.Э. кармалганын кабарлады.

Бул тармактагы айрым кызмат адамдары курулуш компаниянын өкүлдөрү менен жең ичинен келишип алып курулушту коопсуздук чараларын, эрежелерин сактабастан жүргүзүүгө жол берген, анын айынан адам өлүмү, жаракат алуусу менен коштолгон окуялар орун алып жатканын билдирди. Мындан улам УКМК аткаминерлерге, курулуш компаниянын жетекчилерине кайрылып, коопсуздук талаптарын сактоого чакырды жана эреже бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулуш маалында адам кулаган 11 учур, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында 30дан ашуун окуя катталган.

УКМК бул кырсыктарга байланыштуу жалпы канча кылмыш иши козголгонун, канча адам жоопко тартылганын тактаган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG