Анын алдында орус президенти Владимир Путин Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө өзү барбай турганын билдирген жана төмөнкү деңгээлдеги технократтардан куралган делегацияны жиберген.
Украин делегациясын коргоо министри жетектейт
Украинанын президенти Владимир Зеленский түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда украин делегациясы Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди.
Ал АКШ жана түрк тараптарды урматтаганы үчүн, Москва төмөнкү деңгээлдеги расмий өкүлдөрүн жөнөткөнү менен делегацияны жөнөтөрүн белгилеп, аны түрк, украин, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн коргоо министри Рустем Умеров жетектерин айтты.
Зеленский Киевдин делегациясына ок атууну токтотуу маселесин талкуулоого ыйгарым берилерине басым жасады.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жума күнү өтмөкчү.
Орус медиасы Москва менен Киевдин делегациялары 15-майда Стамбулдагы Долмабахче сарайында жергиликтүү саат 10до жабык жолугушуу баштарын кабарлаган.
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова делегация Стамбулга жеткенин жана “маанилүү ишке” даяр экенин билдирди:
"Буга чейин бир нече жолу айтылгандай, орус тарап олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө бел байлаган. Орусиянын делегациясы Стамбулга келди жана маанилүү ишке даяр".
Бирок Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин дезинформацияга каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко сүйлөшүүлөр саат канчада башталары макулдашылбаганын айтып, орус медиасынын жазгандарын четке какты.
Көп узабай Түркиянын демилгеси менен сүйлөшүү бейшемби түштөн кийинкиге калганын орус тышкы саясий мекемеси кабарлады.
Зеленский Анкарада Эрдоган менен жолукту
Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул эле күнү түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен кездешүү үчүн Анкарага барды.
Ал түрк президентине тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, украин тараптан жогорку деңгээлдеги делегаттар катышарын кошумчалады:
"Биздин делегациянын курамында Тышкы иштер министрлигинин, чалгындоо органдарынын, менин кеңсемдин өкүлдөрү бар".
Ага чейин Киевдин расмий өкүлү президент Зеленский ошондон кийин гана Орусия менен сүйлөшүүлөргө тиешелүү мындан аркы кадамдары тууралуу чечим кабыл аларын билдирген.
14-майдын кечиндеги кайрылуусунда Зеленский өзү да ушундай билдирүү жасаган:
"Мен Орусиядан ким келерин күтүп жатам, андан кийин Украина кандай кадамдарды жасашы керектигин аныктайм. Алардын маалымат каражаттарындагы ишараты азырынча ынандырбайт... Бир апта чындап эле көп нерсени өзгөртө алат же өзгөртпөшү мүмкүн. Азыр баары чечилүүдө".
Буга чейин Зеленский Путин менен гана жолугушарын айтып келген.
АКШнын президенти Дональд Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусу “орундуу болсо” Түркияга барышы мүмкүндүгүн билдирди:
"Сүйлөшүү жүргүзүү үчүн биздин кишилер ал жакта бар. Мен Орусия менен Украинанын колунан бир нерсе келет деп ишенем. Себеби мунун бардыгын токтотуш керек".
Трамп “өзү Түркияга барбаса, Путин эмнеге бармак эле?”- деген оюн кошумчалады.
Буга чейин сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышары кабарланган. Америкалык медиа ага Вашингтондун атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Кит Келлог кошуларын жазган.
Трамп Стамбул сүйлөшүүлөрүнө катышат деген үмүт шаршембинин кечинде Путин делегациясынын курамын бекиткен буйрукка кол койгондон кийин өчкөн.
Орус делегациясын "саясий пенсионер жетектейт"
Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Анын курамына тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Александр Фомин жана аталган мекемелердин бир нече кызматкери кирди.
2022-жылы үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдө Москванын делегациясын баштап жүргөн Мединский "украин аймагынын ири бөлүгү Орусияга таандык болчу" деген тарыхый доомат арткандардын бири, улутчул көз карашты чагылдырган тарых китебинин автору. Аны путиндик башкаруунун башкы идеологдорунун бири деп аташат.
Финляндиядагы эл аралык мамилелер боюнча институттун илимий кызматкери Маргарита Завадская орус делегациясынын курамы эмнеден кабар берерин мындайча чечмелейт:
"Мединскийди "саясий пенсионер" деп билебиз. Ачык айтканда, тизмеге аты-жөнү белгисиз, көбүнчө техникалык максаттарды аткара турган адамдар кирген. Делегациянын макамы төмөндөгөнү, иш жүзүндө анын курамы протоколду бузганы даана байкалып турат. Бул эмнени каңкуулайт? Кандай логика менен түзүлгөн? Биринчиден, кайра эле убакытты создуктуруп, лидерлердин түз сүйлөшүүлөрүнөн качуу амалы. Путин муну абдан оор кабыл алат. Путин менен Зеленскийдин бир бөлмөгө отуруп, бири-бирине кол сунуп учурашканын элестетүү дагы эле фантастикадай угулат. Экинчи сценарийди айтсак, Трампты катуу ачуулантпай, кырдаалдан өздөрүнө упай топтоп, "мына биз сүйлөшүүлөргө даярбыз" деп көрсөткүсү келгендей. Украина менен Орусиянын позициялары бири-биринен абдан айырмаланат. Аларды жакындаштыруу аракетин азырынча көрө элекпиз".
Украиналык политолог Олеся Яхно делегациялардын курамы эмес, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маселелер маанилүү деген пикирин ортого салды:
"Менимче, кеп азыр делегациянын макамында, Украинанын аны төмөндөтүп же төмөндөтпөгөнү эмес. Сүйлөшүүлөрдө эмнелер талкууланары алда канча маанилүү. Орусиянын делегациясына эки аскердик адамдын – коргоо министринин орун басары менен башкы штабдын чалгын башкармалыгынын жетекчисинин киргени - аскердик тема козголорунан кабар берет. Кеп ок атууну убактылуу токтотуу жана жарашуу маалындагы шарттар тууралуу жүрөрү анык болсо, биз үчүн делегациялардын курамы эмес, ушул маселе маанилүү болмокчу. Бүгүн маанилүү бир документтерге кол коюлат деп күтпөй эле коюш керек. Делегацияга кирген бул адамдардын чечим кабыл алууга ыйгарымдары жок экени түшүнүктүү. Кандай болбосун, чечим Путин менен макулдашылары айдан ачык. Дональд Трамп алгачкы 100 күнүндө көтөргөн демилгелерден кандай жыйынтык чыгарса болот? Ушул этапта сүйлөшүүлөргө алып чыгууга болот жана таптакыр козгобош керек, себеби эч кандай мунаса табылбайт, тынчтыкка алып келбейт деген маселелерди ажыратуу зарыл".
Украинанын Аба күчтөрү 15-майга караган түнү Орусия 110 дрон менен чабуул койгонун билдирди.
Шерине