Ысык-Көлдүн Тоң районунда туристтер үчүн "Тескей жээк" деп аталган этнофестиваль өттү. Фестивалды жергиликтүү ишкерлер тобу 15-июлда, белгилүү манасчы Саякбай Каралаевдин үй-музейи жайгашкан жерде уюштурду. Иш-чараны өткөрүүгө USAID уюмунун ишкерликти өнүктүрүү долбоору колдоо көрсөттү.
Ысык-Көлдөгү этномайрам

1
Куш салуу.

2
Бийчи кыздар бир канча улуттук бийлерди элге тартуулашты.

3
Жаачы жигиттер.

4
Фестиваль алкагында атайын чатырлар орнотулуп, улуттук буюмдардын жармаңкеси да өттү. Жергиликтүүлөр чет элдиктерге боз үй тигүүнү үйрөтүштү.

5
Жаачы жигит.

6
Селкинчек тепкен кыздар.

7
Этнофестивал туристтер үчүн уюштурулуп, жүздөн ашуун чет элдик саякатчылар келишти.

8
Буту менен жаа аткан кыргыз кызы.

9
Фестивалдын катышуучусу.

10
Кыздар селкинчек тээп жатышат.

11
Чет элдик конок фестивалдагы өзүнө жаккан көз ирмемдерди сүрөткө тартууда.

12
Жигиттер чет элдиктерге боз үй тигүү ыкмаларын үйрөтүүгө келишкен.

13
Фестивалда казан асылып, апалар боорсок бышырышты.

14
Боорсок бышырган апа.

15
Эски жана жаңы замандын айкалышы. Сүрөттө фестивалды уюштургандардын бири.

16
Жаачы жигит.

17
Фестивалга келген жеткинчектер.

18
Фестивалга келгендер. Арасында көбү чет элдик туристтер.

19
Бийчи кыздар.

20
Боз үй.