Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды

Марат Иманкулов

15-майда президент Садыр Жапаров Марат Иманкуловду мурда ээлеген кызматынан бошотуп, мамлекеттик катчы кылып дайындады.

Иманкулов буга чейин Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган.

65 жаштагы генерал-лейтенант Иманкулов буга чейин атайын кызматтын ар кандай бөлүмдөрүндө жетекчилик орундарда эмгектенген. 2011-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

15-майда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин жарыялаган. Ал Фейсбуктагы баракчасына көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштегенин, өз эрки менен бул орунду бошотуп берип жатканын жазган. Касмамбетов бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган.

Мамлекеттик катчы кызматы Кыргызстандын эгемен тарыхында алгач президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.

Бул институт жана анын маани-маңызы, жетекчилери тууралуу коомчулукта пикир бир кылка эмес. (AiA)

Дагы караңыз

Стамбулга украин делегациясын министр Умеров баштап барат Трамп Путин менен өзү жолукмайынча жылыш болбой турганын айттыХабибула Абдукадыр журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди