Ак-Буурага агып кеткен баланы издөө үчүн Папан суу сактагычы убактылуу буулду

Папан суу сактагычы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Оштогу Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясына агып кеткен баланы издөөнү улантып жатат. Мекеме буга байланыштуу Папан суу сактагычы убактылуу буулганын билдирди.

"15-майда Ак-Буура дарыясына болжол менен 10-12 жаштагы бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылган. Бүгүн издөөгө тогуз куткаруучу, 200дөн ашык милиция кызматкерлери жана туугандары болуп жалпы 254 адам чыкты. Издөө иштерине байланыштуу бүгүн 09:30 дан тарта Ак-Буура дарыясына суу берүү Папан суу сактагычы жактан убактылуу токтотулат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайыга байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.

Дагы караңыз

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан кетерин жарыяладыЧүйдө чегиртке каптаган айдоо аянттарын дарылоо башталдыАк-Талаада жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлардын саны 100дөн аштыКыргыз бийлик өкүлдөрү АКШнын элчиси менен санкция маселесин талкуулады УКМК Көлбаевдин тобун каржылоого шек саналган казак ишкерине издөө жарыялады