Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны кармалганы белгилүү болду. 31 жаштагы Тараздын тургунунун жакындары ал Ташов менен камактагы активист Тилекмат Куреновдун "каржылык тапшырмаларын аткарып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн" деп айыпталып жатканын айтышты.
Европа лидерлери Москваны сакциялар менен коркутса, Трамп Стумбулда Путин менен Зеленский жолукпаса, Вашингтон сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскертти. Эгер Кошмо Штаттардын талабы аткарылбаса Москваны эмне күтүшү ыктымал? Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны камалды.
“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу Казакстандын жараны кармалганы белгилүү болду.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-майда Орусиядагы кыргыз жарандарына кайрылып, бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды андан чыгууга берилген кошумча убакытты текке кетирбөөгө чакырды.
Индия менен Пакистан атышпоо тууралуу келишим бузулуп жатканын билдирип, бирин бири айыптап чыгышты. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри Пакистан тынчтык келишимин бир нече саат бою бузганын билдирди. Көп өтпөй ушундай эле айыптоо Пакистан тараптан айтылды.
8-майга караган түнү Владимир Путин жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бирок бейшемби күнү эртең менен украин куралдуу күчтөрү Сумы облусу башкарылган бомба жана ракета чабуулдарына туш болгонун билдирди. Украин лидери Зеленский ок атууну 72 саатка эмес 30 күнгө токтотууга үндөгөн.
Бишкектеги Диагностикалык борбордогу көйгөйдөн улам саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев сөгүш алды. 8-майга караган түнү Кремль жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад өттү.
Австриялык Freedom for Eurasia уюму Казакстандын мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун кантип байыганы жана жыйган дүнүйөсүн эмнеге короткону жөнүндө 72 беттен турган изилдөө жарыялады.
Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.
Австрияда жайгашкан «Евразия үчүн эркиндик» бейөкмөт уюму Карим Масимов Казакстандын премьер-министри болуп турганда ар кандай коррупциялык схемалар менен элдин эсебинен байыганы тууралуу кеңири баяндама жарыялады.
Саясатчы Султанбай Айжигитов Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин үстүнөн президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирди. Москва облусу эки күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Казакстандын экс-премьери-министри Карим Масимов кантип байыган?
Дагы жүктөңүз