Темир Сариев өкмөт башчылыктан кетти. Ал бир жылга жетпеген мөөнөттө кызматынан бошоду. Эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстанда өкмөт башчылар бир-эки жылга жетпеген убакта кызматтан кетүүсү өнөкөт көрүнүшкө айланып калды. Премьер-министрдин милдетин аткарып тургандарды кошуп санаганда эгемендүүлүк доорунда 30га жакын өкмөт башчы алмашкан экен.
Эгемендик доорундагы өкмөт башчылар

22
Өмүрбек Бабанов (23-сентябрь 2011-жыл - 1-сентябрь 2012-жыл).

23
Аалы Карашев (1-сентябрь 2012-жыл - 5-сентябрь 2012-жыл), өкмөт башчынын милдетин аткаруучу

24
Жантөрө Сатыбалдиев (5-сентябрь 2012-жыл - 25-март 2014-жыл).

25
Жоомарт Оторбаев (25-марта 2014-жыл - 1-май 2015-жыл).

26
Темир Сариев (1-май 2015-жыл-11-апрель 2016-жыл).