Катуу жааган кардан улам Стамбул шаарында эки күндөн бери кыймыл чектелди. Миңдеген автоунаа тыгында турат. Жолдо калган жарандар түнү менен эвакуацияланганы белгилүү болду. Ал эми Стамбул аэрпортунун бардык аба каттамдары шейшембиде да толугу менен токтотулганы кабарланды.