Президент Владимир Зеленский Украина НАТОго мүчө болууга кийинки талапкер экенин айтты. Орусия болсо украин шаар-кыштактарына дрон жана ракеталар менен чабуулун улантууда. Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Астана Бээжин менен 30 күнгө чейин визасыз жүрүү жөнүндө келишимге кол койгону турат. “Туризмди өнүктүрүү фондуна” “коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду. Туризм тармагындагы жигердүү ишкананын жетекчисинин жана кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.
Орусия Одесса жана Киевге дрон менен сокку урду
Чыгарылыштар
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды