Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Ондогон казак окумуштуусу Орусияга эмнеге кире албайт?


Орусия - Кытай чек арасы.
Орусия - Кытай чек арасы.

Казакстан бул өлкөнү русофобияга айыптаган орусиялык окумуштууну апрелде өз аймагына киргизбей койду. Андрей Грозин эмгектенген КМШ өлкөлөрүнүн институту мындай чечимди "меймандарга кас мамиле" деп сыпаттады. Казак бийлигинин бул чечимин Москвага "жооп чара" деп сыпаттагандар да бар.

"Азаттык Азия" редакциясы орус бийлиги Казакстандын ондогон изилдөөчүсүн "жагымсыз адамдардын" тизмесине кошконун аныктады. Алардын арасында Совет доорундагы сталиндик репрессия боюнча эмгек жазгандар да бар.

"Жагымсыз адамдардын" тизмеси

Казакстандын тиешелүү органдары 27-апрелде орусиялык изилдөөчү Андрей Грозинди өлкөгө киргизбей койду. Ал Астана аэропортунан артка кайтууга мажбур болду.

Грозин иштеген КМШ мамлекеттеринин институту билдирүү жасап, изилдөөчүгө иштин чоо-жайын эч ким түшүндүрбөгөнүн жарыялады. Институт мындай кадамды "Казакстандын айрым өкүлдөрүнүн Орусиянын илимий жана коомдук ишмерлерине каршы достукка жатпаган аракети" деп баалап, мындай жорук "өнөкөткө айланып баратат" деп айыптады. Мекеме ошондой эле Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин эки жыл мурун Казакстанга барганда ушундай эле тоскоолдукка туш болгонун эске салды. Ал кезде депутат Москванын аракети менен акыры казак жергесине кирген.

Астана Затулинди "персона нон грата" деген тизмеге киргизген. Буга орус депутатынын Казакстандын түндүк облустарына аймактык талап койгону себеп болгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеде" экенине карабай Затулин өлкөгө кантип кирген деген суроого жооп берген жок.

Коңшу өлкөнүн бийлиги Грозинге байланыштуу дагы комментарий берген жок. Бирок немистердин Deutsche Welle басылмасы орусиялык изилдөөчү Казакстанды, анын бийлигин сындаганы үчүн ушундай тоскоолдукка туш болгонун казак бийлигиндеги өз булактарына таянып жазды.

Андрей Грозин.
Андрей Грозин.

"Өзүн тарыхчы санаган Грозин мырза Токаевдин тушунда "Түркстан легионуна" жан тарткан "улутчулдар" бийликке келгенин, мамлекет башчынын бедели түшүп жатканын айтканын эсинен чыгарган го. Же анын эс-тутуму начарлап, коңшусунун малын уурдап, алардын үй-жайын өрттөйт деп казак элинин ар-намысын тебелеп-тепсеген сөздөрүн унутуп калган го", - деди немис журналисттерине аты-жөнүн айтпаган казак аткаминери.

Грозин казак бийлиги "русофобиялык риторика" аркылуу "нацисттерди колдоп жатканын" айыптап, Казакстанды Украинаныкындай тагдыр күтүп турганын айткан. 2022-жылы Орусия "денацификациялоо" деген шылтоо менен Украинага басып кирген.

Грозин Казакстандын көп векторлуу саясатына да асылып, Астананы БРИКСке мүчө болуудан баш тартканы үчүн Батышка "тизе бүгүп калды" деп сындаган. БРИКС – Орусия, Кытай, Индия, Иран, Бразилия өңдүү бир нече мамлекеттин башын кошкон аймактык бирикме.

"Англосаксондор Казакстандын элитасын эң талылуу жеринен – капчыгынан кармап алган. Дүйнөдө БРИКСти Батышка каршы эмес уюм деп билишет. Токаев бийликте ишенимдүү отурбагандыктан өз алдынча чечим кабыл ала албайт", - деп Грозин былтыр өзү иштеген институттун сайтына жарыяланган макалада жазган.

Немис агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстанда Грозинди жана башка талаштуу пикир айткан орусиялыктарды өлкөгө кирүүгө тыюу салган тизмеге кошушкан. Бул тизмеде ал иштеген институттун жетекчиси, депутат Константин Затулин, "аймактык талаш" боюнча чуулгандуу билдирүүлөр менен чыккан Мамдуманын мүчөлөрү Евгений Федоров, Вячеслав Никонов жана Петр Толстой, Кремлдин ашынган пропагандачылары Тигран Кеосаян, Тина Канделаки, ошондой эле Россотрудничество мекемесинин башчысы Евгений Примаков бар.

Орусиянын да ушундай эле "кара тизмеси" бар. Журналисттердин маалыматына ылайык, казак парламентинин депутаттары Айдос Сарым менен Ермурат Бапи, ошондой эле бир катар коомдук ишмерлерге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. 2021-жылы Айдос Сарым дипломатиялык паспортун кармап туруп Москвага кире албай калган. Расмий Астана бул боюнча комментарий берген эмес.

Айдос Сарым.
Айдос Сарым.

Жакында ушундай жагдайга Азербайжан парламентинин депутаты Азер Бадамов да туш келди. Аны Москванын Внуково аэропортунан артка кайтарышкан. Баку бул окуядан кийин расмий түшүндүрмө талап кылганы менен Москва жооп берген жок. Журналисттер боолгологондой, Бадамов Мамлекеттик Думанын мүчөсү Николай Валуевди сындаганы үчүн "жагымсыз адамдардын" тизмесине кирип калган. Бакудагы "Орус үйү" жабылганда Валуев азербайжандыктарды келекелеп сүйлөгөн.

"Персона нон грата" деген тизмеге, адатта, кабыл алган өлкөнүн дарегине кескин сөз айткан, улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген дипломаттар жана саясатчылар кирет. Казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис бул кеңири жайылган эл аралык тажрыйба экенин белгилейт. Мындан сырткары ар бир мамлекеттин өз аймагына киргизүүнү туура көрбөгөн "жагымсыз адамдардын" тизмеси да бар. Дал ошол тизмеге Грозин да кошулганы көрүнүп турат.

– Ал "персона нон грата" эмес. Улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген адамдын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат. Бул чара каалаган жаранга колдонулушу мүмкүн: укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер жана илимпоздор да болушу ыктымал. Эгерде бийлик ал адам өз эмгектери же изилдөөлөрү аркылуу улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептесе, анын өлкөгө кирүүсүн жагымсыз деп чечиши мүмкүн, – дейт Жовтис.

Ондогон илимпоздун Орусияга кирүүгө укугу жок

Орусиянын "кара тизмесинде" саясатка тиешеси жок көптөгөн казакстандык бар. "Азаттык Азия" редакциясы аныктагандай, бул тизмеге беделдүү изилдөө институттарында жана университеттерде иштеген ондогон илимпоз киргизилген. Муну журналисттерге кырдаалды жакшы билген булактар бышыктады.

Ата-жөнүн жашырган тарыхчы илимпоздордун бири бир нече жыл мурун Орусияга кире албай калганын айтып берди. Аны аэропортто бир нече саат кармашып, "өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы" тууралуу кагаз беришкен. Орусияга илимий ишине материал чогултууга барган тарыхчы кайра учакка билет алууга аргасыз болгон.

"Мени эмнеге киргизбей жатканын сурасам эч ким эч кандай түшүндүрмө берген жок. ФСБ кызматкерлери "Өзүңүз билесиз го" деп гана тим болду" – дейт изилдөөчү.

Анын башка да бир топ кесиптеши да ушундай эле жагдайга туш болгон экен:

"Алар Москвага же башка шаарга жетип, учактан түшкөндө "Жакынкы каттам менен кайтып кетиңиз" дешет. Кирүүгө тыюу салынгандардын тизмесинде 70ке жакын илимпозубуз бар".

Алматы. Илимдер академиясы.
Алматы. Илимдер академиясы.

"Азаттык Азияга" ар кайсы тармакта эмгектенген бир нече изилдөөчү билдиргендей, Орусия Казакстандын бир катар таанымал окумуштууларын — тарыхчыларды, филологдорду, искусство таануучуларды "жагымсыз адамдар" деп тапкан. "Кара тизмеге" 77 жаштагы академик Мамбет Койгелди да кирген, ал сталиндик репрессия жана Алашордо тууралуу эмгектердин автору. (Алашордо — 1917-жылдын декабрында казак интеллигенциясы негиздеп, 1920-жылы большевиктер жойгон автономия).

"Азаттык Азия" Койгелдиден Орусияга эмне себептен кире албай калганы тууралуу сураганда ал суроону Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун жетекчилигине узатууну өтүндү. Институттун директору Зиябек Кабулдиновго да, кесиптештеринин маалыматына караганда, Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Ошентип, окумуштуу биздин суроону жоопсуз калтырды.

Институттун директорунун орун басары Шамек Тлеубаев "Азаттык Азияга" берген комментарийинде Орусияга барууга кандайдыр бир тоскоолдук жок экенин айтты. "Мен өзүм өткөн жылы Санкт-Петербургга барып, архивде иштегем. Азыр биздин башка кызматкерлер да барууга даярданып жатышат. Бизге уруксат берилет. Ооба, талаптар катуулады. Азыр Росархивге (федералдык архив агенттиги) кайрылып, уруксат алуу керек. Мен баш тартуу болгонун уга элекмин", - деди Тлеубаев.

Аты-жөнүн айтууну эп көрбөгөн изилдөөчүлөр Орусиянын архивдериндеги документтерге жана материалдарга жетүү кыйла татаалдашканын ырастады. Бул айрыкча советтик Казакстандын жана Совет заманына чейинки тарыхты изилдегендер үчүн олуттуу тоскоолдук.

"Орусиядагы архивдер Казакстанга тиешелүү фонддордун айрым бөлүгүн "кызматтык колдонуу үчүн гана" деген категорияга киргизген. Бизге ал документтерди беришпейт", - деди изилдөөчүлөрдүн бири.

"Архивдик материалдарды сураганда "имаратта ремонт жүрүп жатат, документтер жашыруун, репрессияга кабылган адам менен туугандык байланышыңды далилде" деген өңдүү шылтоолор менен берүүдөн баш тартышкан", - деди дагы бир изилдөөчү.

Купуя түрдө маектешкен окумуштуулар Орусиянын тарыхый мекемелери оторчулук замандагы жана советтик мезгилди козгобогон изилдөөчүлөр үчүн гана ачык экенин айтышты. Казакстандагы ачарчылык, Алашордо мурасы, саясий репрессиялар, башка элдерди мажбурлап депортациялоо жана Москвага болгон нааразылык сыяктуу темаларды көтөргөн окумуштууларга Орусияга жол жабык экенин билдик.

Андрей Грозинди Казакстанга киргизбей койгон чечимди саясий эксперт Марат Шибутов Москвага "кулак кагыш" эсебинде кабыл алынгандай деп болжолдойт. Ал Телеграмга казакстандык "таанымал илимпоздор, институт директорлору, илим докторлору жана академиктер" Орусияга кире албай калганын жазып, андыктан казак бийлигинин коңшу мамлекеттин жетекчилигинин көңүлүн бурдуруу аракети сыңары сыпаттаган. Арийне, анын чын-төгүнү белгисиз.

"Азаттык" Казакстандын илим жана жогорку билим министрлигинен канча окумуштуу Орусияга кире албай турганын сурады. Министрликтин илим комитети Астана менен Москва стратегиялык өнөктөш экенин жана эки тарап тең илим жана билим тармагында ар тараптуу кызматташып жатканын билдирди.

"Комитеттин кайсы бир изилдөөчүгө карата чектөөлөр боюнча расмий маалыматы жок жана статистика жүргүзүлбөйт. Мамлекеттик чек арадан өтүүгө байланыштуу маселелер эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын компетенциясына кирет. Комитет илимий дипломатияны өнүктүрүүгө, ачык диалог жана академиялык эркиндикти колдоого, илимий дискурсту саясатташтырууга жол бербөөгө умтулат", - деп айтылат журналисттердин колуна тийген жоопто.

2024-жылдын ноябрында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Астанага барганда казак тарап менен тарыхчылардан турган биргелешкен жумуш тобун түзүү тууралуу макулдашылганын айткан. Ал бул кадам "коомдорубуздун айрым бөлүгүндө мезгил-мезгили менен күчөп турган эмоцияларды басаңдатат" деп белгилеген. Бирок андай топко Казакстандын Тарых жана этнология институтунун бир да кызматкери кирген эмес.

Казакстандык тарыхчы Хангелды Абжанов Лавровдун бул билдирүүсүнөн кийин "Азаттыкка" сүйлөгөндө тарыхтын айрым учурларын кылдат изилдөө азыркы орус бийлигинин көз карашына туура келбей турганын, айрыкча сөз сталиндик доор тууралуу болгондо каршылык катуу экенин айткан.

Акыркы жылдары Москва Иосиф Сталиндин ишмердүүлүгүн реабилитациялоого жана анын бийлигиндеги жапырт репрессияларды актоого аракет кылып жатат. Бул тенденция Орусия Украинага басып киргенден кийин айрыкча күчөдү.

"Сталиндик репрессия темасы Путиндин бийлигинин соңку маалында барган сайын орунсуз болуп, режимдин "негизги багытына" дал келбей баратат. Путиндик Орусиянын саясий режими сталиндик башкарууга жакын экенин чагылдырат. Ал анын табуларын, мифтерин жана фобияларын улантып келатат, - деп жазат Венеция университетинин профессору Евгений Добренко.

Быйыл апрель айынын аягында орус президенти Владимир Путин Волгограддагы Гумрак аэропортунун аталышын «Сталинград» деп өзгөрттү. Ал ошондой эле калаага мурдагы аталышын кайтарып берүү тууралуу ой калчап көрөрүн айтты. 1925-жылдан 1961-жылга чейин бул шаар Сталинград деп аталып, кийинчерээк советтик лидердин керт башына сыйынууну токтотуу максатында жаңы аталышка ээ болгон.

Орусиянын Башкы прокуратурасы саясий репрессиялардын курмандыктарына байланышкан ири көлөмдүү иштерди кайра карап чыгууда. «Коммерсант» гезити жазгандай, 2022-жылдын экинчи жарымынан 2024-жылдын күзүнө чейин Орусияда 1990-2000-жылдары кабыл алынган төрт миңден ашык реабилитациялоо чечимдери жокко чыгарылган.

Путиндин бийлигинде Сталиндин жүздөн ашуун эстелиги коюлду. Алар бийликтин колдоосу менен тургузулуп жатканы ачык айтылат. Соңку эстеликтердин бири 2024-жылдын декабрында Вологда облусунун губернатору катышкан салтанатта ачылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG