Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Марат Иманкулов мамлекеттик катчы болуп дайындалды


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

15-майда президент Садыр Жапаров Марат Иманкуловду мурда ээлеген кызматынан бошотуп, мамлекеттик катчы кылып дайындады.

Иманкулов буга чейин Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган. Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган.

65 жаштагы генерал-лейтенант Иманкулов буга чейин атайын кызматтын ар кандай бөлүмдөрүндө жетекчилик орундарда эмгектенген. 2011-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болгон. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

15-майда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин жарыялаган. Ал Фейсбуктагы баракчасына көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштегенин, өз эрки менен бул орунду бошотуп берип жатканын жазган. Касмамбетов бул кызматка 2021-жылдын октябрь айында дайындалган.

Мамлекеттик катчы кызматы Кыргызстандын эгемен тарыхында алгач президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.

Бул институт жана анын маани-маңызы, жетекчилери тууралуу коомчулукта пикир бир кылка эмес. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG