Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Рубио Украинадагы урушту Трамп менен Путин жөндөй аларын айтты


Марко Рубио
Марко Рубио

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украинадагы урушту жөндөө тууралуу Стамбулда өтчү сүйлөшүүлөрдөн көп деле нерсе күтпөйт. Мамкатчы мындай пикирин Анталияда НАТОго мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынына катышкандан кийин айтты.

Рубио белгилегендей, Украинадагы үч жылдан ашкан согушту токтотуунун жалгыз бир жолу - АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин түз сүйлөшүүсү.

Жума күнү Рубио Стамбулга барып, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана украин делегациясы менен сүйлөшөт. "Менин баамымда маселеге президент Трамп менен президент Путин түздөн түз киришмейинче бул жерден бир майнап чыкпайт", - деген Рубионун сөзүн Reuters агенттиги жарыялады.

Бейшембиде Анкарада Зеленский түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолукту. Дээрлик үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Зеленский Стамбулга украин коргоо министри Рустем Умеров жетектеген делегация барарын билдирди. Украин президенти ошондой эле Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "олуттуу" мамиле кылбай жатканы үчүн айыптады.

15-майда Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө Москвадан президент Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеген топ барды.

Буга чейин Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Стамбулда 15-майда "эч кандай шарт койбостон" тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүнү президент Путин сунуштаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG