Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Стамбулда АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды


Стамбул. 16-май, 2025-жыл.
Стамбул. 16-май, 2025-жыл.

Стамбулдун Долмабахче сарайында АКШ, Украина жана Түркия өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак жана тышкы иштер министри Андрей Сибига катышууда.

Anadolu басылмасы Түркиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып, Стамбул сааты боюнча 12.30да Түркиянын катышуусунда орус-украин сүйлөшүүлөрү өтөрүн жазды.

Жолугушууда Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.

Жума күнү Стамбулда Украинын өкүлдөрү Франция, Германия, Улуу Британия делегаттары жана АКШ лидеринин чабарманы Кит Келлог менен жолукканы кабарланды.

Буга чейин Орусиянын Түркияга барган делегациясынын башчысы Владимир Мединский украин өкүлдөрүн 16-майда эртең менен күтөрүн билдирген. Ал Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен "жемиштүү жолугушуу өткөргөнүн" айтты.

Бейшембиде Зеленский түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолукту. Жолугушуу дээрлик үч саатка созулган. Анын алдында Зеленский Түркияда туруп, "Путин, мен келдим, бул жердемин" деген кайрылуу жолдогон.

Зеленский "орус делегациясынын курамы Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө олуттуу мамиле кылбай жатканынан кабар берерин" айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышты. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Стамбулда 15-майда "эч кандай шарт койбостон" тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүнү президент Путин сунуштаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG