Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Ак-Буурага түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды


Ак-Буура суусу, арживдик сүрөт.
Ак-Буура суусу, арживдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштун Төлөйкөн айылында Ак-Буура суусуна түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылганын билдирди. Кырсык тууралуу куткаруучуларга 15-майда маалымат түшккөн. Издөө иштери 16-майда уланып, ага жалпы 250дөн ашык адам тартылган.

Аталган министрлик буга байланыштуу Папан суу сактагычы убактылуу буулганын кабарлаган.

Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайыга байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG