Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Садыр Жапаров үч чокуну бириктирген курорт "Ала-Тоо резорт" деп аталарын билдирди


Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.
Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары "Ала-Тоо резорт" тоо-лыжа курорту деп аталарын билдирди.

Ал 16-майда Фейсбуктагы баракчасынан учурда бул жайдын инфратүзүмүн куруу башталганын, анын баарын мамлекет өзү бүтүрүп берерин билдирди. Мейманкана, ресторан өңдүү жайларды курууга ылайыктуу жерлер жакында ауцион аркылуу сатыларын айтып, мындан улам инвесторлорго жана жарандарга кайрылды.

"Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу (канатная дорога) келе жаткан жылдын июль айында бүтөт, 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук иштей баштайт. Жалпы “Ала-Тоо резорт” трассасынын узундугу 250 километрди түзөт. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз. Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат. Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик. Калган эки фазасы казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат. Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот. Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек. Аукцион болжол менен июнь айында башталат. Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат. Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор, кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат. Аукцион ачык жана онлайн режимде болот. Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш (долгострой) кылып же "инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып, үстүнөн киреше табам" деген түшүнүк болбойт. Жер сатып алып, отель, ресторандарды курууга шашылыңыздар.",-деп жазды Жапаров.

Садыр Жапаров ушул жылдын башында Орусиянын Алтай аймагындагы жаңы салынган “Манжерок” лыжа базасын көрүп келгенин, Жыргалаң–Ак Булак–Бозучук тоолорун бириктирип, ушундай лыжа базасы салынарын билдирген.

Былтыр жайында ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Анда франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Жыргалаң, Ак-Булак жана Бозучук чокусун камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатканы, долбоордун наркы 165 миллион евро деп бааланганы айтылган.

Көп өтпөй, ноябрда "Үч чоку" лыжа базасын курууга байланыштуу Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өткөн. Садыр Жапаров соңку билдирүүсүндө лыжа базасын курууга кызыгып жатат делген франциялык инвесторлор тууралуу маалымат берген эмес.

Августта Министрлер кабинети лыжа базасын куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 1624,26 гектар жерди “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG