Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Орусиянын Украинага чабуулунан бир адам каза болду, жабыркагандар бар


Архив сүрөт
Архив сүрөт

16-майга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 112 дрон менен чабуул койгон. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү маалымдады. Украин тарап тараткан расмий маалыматта, 73 дрон жок кылынганы айтылат. Дрон чабуулу өлкөнүн беш облусуна жасалып, Харьковдо 55 жаштагы аял каза болгону жана төрт адам жараткан алганы кабарланды.

Облустук админстрациянын башчысы Олег Синегубов алардын баары жергиликтүү коммуналдык кызматтын жумушчулары экенин билдирди.

Украин армиясы жума күнгө караган түнү аннексияланган Крымдын аймагына чабуул коюлганын маалымдады.

Орусия чабуулдар тууралуу комментарий берген жок. Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Орусиянын чабуулу Стамбулда орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алдында болду. Жолугушууда Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.

Стамбулда 15-майда "эч кандай шарт койбостон" тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүнү президент Путин сунуштаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG