Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Курулуштагы кырсык: Бир жылда 172 киши имараттан кулады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды.

Бир нече жыл мурда объектилерден жумушчулар кулап кеткен он чакты учур катталса, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.

Бул жагдай курулуш компанияларынын жоопкерчилиги, жумуш учурундагы коопсуздук жана башка маселелерди күн тартибине чыгарды.

Ким кармалды?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шаар куруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында курулуш тармагында адам өлүмүнө жана жаракат алууга алып келген кырсык көбөйгөнүн аныктаган.

Атайын кызмат бул тармактагы айрым кызмат адамдары курулуш компаниянын өкүлдөрү менен жең ичинен келишип алып, курулушта коопсуздук чараларын, эрежелерин сактабагандыктан адам өлүмү, жаракат алуу менен коштолгон окуялар орун алып жатканын билдирди.

“Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде болгон кырсыктардын бири боюнча 2025-жылдын 13-майында Бишкек шаары боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы К.Т. жана ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору М.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” – деп айтылат расмий билдирүүдө.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2022-жылы курулушта 11 адам кулап кетсе, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, ал эми 2025-жылдын 3 айында эле 30дан ашуун окуя катталган.

УКМК канча кылмыш иши козголгонун, канча адам жоопко тартылганын тактаган жок. Соңку маалда козу карындай жайнаган курулуштагы кырсыкка түрткөн эки себепти белгилейт:

“Курулуш министрлигинин Архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин жооптуу кызматкерлери коопсуздук техникасынын сакталышына көзөмөлдү талаптагыдай эмес жүргүзүү жана курулуш компаниялары курулуш объекттеринде коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча нормаларды талаптагыдай эмес уюштургандыгы себеп болгон. Ошол эле учурда курулуш компаниялары өздөрүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жабыркагандардын туугандарына пара берип, дооматы жок деген арызды алып, анын ичинде кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен качышат".

Атайын кызмат өз билдирүүсүндө аткаминерлерге жана курулуш компаниянын жетекчилерине кайрылып, коопсуздук талаптарын сактоого чакырып, эреже бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.

Бишкектеги курулуштардын бири
Бишкектеги курулуштардын бири

Быйыл февралда кайра уюшулган Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти курулуш процессинин документтердин талаптарына шайкеш келишин текшерүү менен бирге курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.

“Азаттык” департамент менен байланышып, атайын кызматтын соңку маалыматтары тууралуу комментарий ала алган жок. Мекеменин Бишкек шаардык башкармалыгына чалганыбызда басма сөз катчысы маалымат бере албай турганын айтты:

“Мен сиздин сурооңуз боюнча жетекчилик менен бир сыйра сүйлөштүм. Учурда УКМКнын тергөө иштери жүрүп жаткандыктан биз бул маселе боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз”, – деди ал.

Маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча башчысы Тилек Кадыкеев камалган. Ал бул кызматка 2024-жылдын апрелинде дайындалган.

АКИpress агенттиги УКМК кармаган экинчи адам – “Авангард Стиль” курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Миңкеев экенин жазды.

Кармалгандар өздөрү жана алардын адвокаттары азырынча билдирүү тарата элек.

Кырсыктын себептери

Атайын кызмат келтирген статистикада курулушта жумушчулар кулап кеткен учурлардын санын берилгени менен канча кишинин өмүрү кыйылганы берилбейт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы билдиргендей, жылдын алгачкы кварталында жалпы өндүрүштө катталган кырсыктан улам 17 адам каза болуп, 32 киши оор жаракат алган.

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров 14-майда “Биринчи радионун” эфиринде буларга токтолду:

Чолпонкул Мадьяров
Чолпонкул Мадьяров

“Биринчи кварталда курулуш тармагында тогуз киши каза болду. Бул курулушта техникалык коопсуздукту сактабагандан гана болду. Бизде курулуш аянтчасында башкы аткаруучу иш жүргүзөт деген норма бар. Кыргызстанда 2018-жылы кабыл алынган Курулуштагы ченемдик документтер тутуму бар. Анда коопсуздук талаптарын аткаруу башкы аткаруучуга жүктөлөт деген талап бар. Курулушта кандай, буйрутма берүүчү, башкы аткаруучу (генеральный подрядчик) жана кошумча аткаруучулар (субподрядчик) бар. Башкы аткаруучу курулушка буйрутма алат да, патенттин негизинде иштеген ондогон субподрядчиктерди жалдайт. Аларга болсо инструктаж өткөрбөйт, натыйжада жаш жана тажрыйбасы жок, курулушка жаңыдан эле келгендер коопсуздук эрежелерин билбегенден улам ар кандай жагдайда каза болуп калышууда”.

Кыргызстанда курулуш объектилеринде катталган кырсыктын көбү ачыкка чыкпаганы менен медиада жана социалдык түйүндөрдө жумушчулар бийиктен кулап кеткен фактылар жарыяланып калат. Айрым учурда андай жерден тартылган видеолору да интернетке чыгат.

Бишкектеги курулуштардын бири
Бишкектеги курулуштардын бири

Бишкек милициясы борбор калаада 4-февралда 53 жаштагы куруучу, 8-февралда 42 жаштагы куруучу салынып жаткан имараттан кулап каза болгонун билдирип, тергөө иштерин баштаган. 8-апрелде болсо Бишкектеги дагы бир курулуш объектисинде иштеп жаткан 21 жаштагы жаран 11 кабаттан кулап түшүп, каза тапканы белгилүү болгон.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Эмгектин техникалык жана укуктук инспекциясынын башчысы Женишбек Казакбаев “Азаттыкка” буларды айтты:

Женишбек Казакбаев
Женишбек Казакбаев

“Биринчиден, ишкерлерди текшерүүгө мараторий киргизип коюшуп, эч ким барып аларды текшербей калды. Алар “мен кожоюнмун, мен өзүм билем” дегенден улам болду. Экинчиден, курулуш тармагы кооптуу деген категорияга кирет. Мындай категориядагы иштерди жүргүзүүгө жеке ишкер дегенди жолотпош керек. Жеке ишкер жөн гана патент алат да, телефондон же Ватсап аркылуу кишилерди чогултуп, бригада түзүп туруп, курулушту алып алат. Эч кимден квалификация талап кылбайт, куруучу, ширетүүчү, монтажчы жана башка деген күбөлүктөрдү сурабайт. Өздөрү окутпайт. Бири тууганын, бири досун тартып, балак же ачкыч кармабаган балдарды алышат да, иштей беришет. Алар билбей, ар кандай кырсыкка туш болууда. Негизи жоопкерчилиги чектелген коом ачып, лицензия алышы керек, анан аларда куруучулардын катмары штатта турушу керек, алар курулушту толук жүргүзүшү керек. Ал эми жеке ишкерлер көбүнчө бир кабатты, же бир блокту алып иштей берет. Башкы аткаруучулар бул жерде салыктан качып, жеке ишкерлер менен келишим түзөт да, ишти бөлүп-бөлүп жасатат. 20 кишиге салык төлөгөндөн көрө, бир адамга төлөгөн жакшы дешет. Муну укук коргоо органдары баары эли билишкен, буга чейин көз жуумп келишкен. Мына эми эле чыкка чыгып жатат”.

Женишбек Казакбаевдин айтымында, Профсоюздар федерациясынын Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылы курулуштагы 58 учурду иликтөөгө катышкан. Анын 32синде киши өлүп, 26сында жумушчулар оор жаракат алышкан. Мындан сырткары былтыр адамдар тобу менен 5 кырсыкка кабылса, ал окуяларда 6 адам каза болуп, 4 киши оор, 68 киши түрдүү жаракат алган. Жабыркагандардын ичинде жашы жете электер жана аялдар да бар.

Профсоюздар федерациясынын инспектору тактагандай, 2025-жылы алар 9 факты боюнча иликтөөгө аралашкан. Аларда 4 киши өлүп, 5 киши оор жаракат алганы маалым. Мындан сырткары топ адамдар аралашкан 1 окуя катталып, 12 киши жабыркаган.

“Кырсыктын түрлөрү мындай. Көпчүлүгү вентиляциялык шахтадан учуп кетип жатышат. Эмнеге? Анткени, көпчүлүк курулуш компаниялары ал шахталарды жаппай коюшат. Кээде жабышат. Анан “Бишкеклифт” же башка компанияларга лифт коюуга буйрутма беришет. Алар бурчтарын, тияк-биягын ширетип, жабдууларды коюп жатып, кулап кетишет. Ачык калган жерлерден учуп кеткен учурлар бар. Мына ал тургай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн куруу маалында да башына блок түшүп кетип, каза болуп калгандар бар. Темир-тезекти көтөрүп жатып, троссу үзүлүп кетип, буту-колунан жаракат алгандар бар. Айтор, ушуга окшогон ар кандай учурлар болот”, – деди Женишбек Казакбаев.

Курулуштагы кырсык: Коопсуздукка ким жооп берет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

Өндүрүштөгү кырсык тууралуу курулуш компаниялары адатта маалымат берүүдөн качышат. “Азаттык” бир нече компанияга кайрылып, жумуш учурундагы коопсуздук тууралуу комментарий ала алган жок. Курулуш компанияларынын ассоциациялары жана бирикмелери да бул маселени атайын кызмат иликтеп жатканын жүйө келтирип, позициясын айтуудан баш тартышты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги буга чейин тараткан маалыматтарда Кыргызстанда баш-аягы 7 миңдей компания курулуш жүргүзүүгө лицензиясы бар экенин билдирген.

Мекеменин жетекчилиги былтыркы инвентаризациялоо маалында алардын 2 миңи гана реалдуу иштей турганын аныктап, лицензия алып, бирок иштебей отурган же уруксат кагаздарын башкаларга сатуу менен алектенген компаниялардын лицензиясы токтотулуп баштаганын билдирген. 2025-жылдын башына карата андай компаниялардын 800үнүн лицензиясы токтотулган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG