Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Борбор Азия

шейшемби 13 Май 2025

Календарь
2025-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
28 29 30 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1
Украина - Орусия cүйлөшүүсү: Трамп Москва менен Киевге талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:39 0:00

Европа лидерлери Москваны сакциялар менен коркутса, Трамп Стумбулда Путин менен Зеленский жолукпаса, Вашингтон сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскертти. Эгер Кошмо Штаттардын талабы аткарылбаса Москваны эмне күтүшү ыктымал? Батыштын Путинге койгон ультиматуму ишке ашабы? “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны камалды. Чуулгандуу иште камактагы активист Тилекмат Куреновдун аты кайрадан аталды.

Бекмурат Шумекбай
Бекмурат Шумекбай

“Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен камалган ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу Казакстандын жараны кармалганы белгилүү болду.

Казак жаранын карматкан иштин чоо жайы

31 жаштагы Тараздын тургунунун жакындары ал Ташов менен камактагы активист Тилекмат Куреновдун каржылык тапшырмаларын аткарып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн деп айыпталып жатканын айтышты.

Коңшу өлкөнүн Тараз шаарынын тургуну Бекмурат Шумекбай быйыл 11-январда кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Апасы Гүлнара Раимбабаева айткандай, уулу Кыргызстанга жеке иштери менен келип-кетип жүрчү.

Гүлнара Раимбабаева
Гүлнара Раимбабаева

“Эмне болду, уулум? Эмне кылдың?” десем, ал мага: “Апа, мени эмнеге кармашканын билбейм, түшүнүксүз. Алар мага дос-тааныштарыма кат жаз дешти. Анан бир кыргыз блогерди таап, бул жакка алып келиш керек экен деди. “Мен кантип алып келем, ал кайсы блогер, ким экен?” - деп таң калдым. Тергөөчү дароо эле мага келип: “Капа болбоңуз, эгер ошол блогерди алып келсеңиз, уулуңузду коё беребиз” деди. Мен: “Кайдан табам ал блогерди?” - деп айттым”.

Раимбабаеванын уулу Бекмурат Имамидин Ташов жана Тилекмат Куренов менен "бийликти басып алуу аракетине көмөктөштү" деп айыпталып жатат. Анын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Шумекбай Кылмыз жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу"), 36-беренеси ("Кылмышка даярдык көрүү"), 41-берене ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү") жана 209-беренеси ("Алдамчылык") менен шек саналып жатат.

Евгения Крапивина
Евгения Крапивина

“Бекмурат Шумекбай кыргызстандык Э.Жусупбеков деген блогер менен байланышта болгон деп айыпталууда. Үч айдан бери ушул тууралуу гана сурак жүрүп жатат. Бекмурат базарда иштейт. Ага бирөөлөр Жусупбековдун сүрөтүн жиберип, “сен муну тааныйсыңбы, ал бизге көп суммадагы акча карыз” деп жазган экен. Бекмурат “жок, тааныбайм” деп жооп бериптир. Мындан башка байланыш болгон эмес”, - деди анын жактоочусу Евгения Крапивина.

Куренов менен байланышы бар деп айыпталгандар

12-майда Чүй облустук милициясы активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен байланышып, Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып, 44 жаштагы дагы бир адам кармалганын билдирди. Милициянын маалыматында кармалган кишинин инициалы Ш.Э.К. деп көрсөтүлгөн. Ал Шумекбайдын адвокаты айтып жаткан Жусупбеков Э аттуу блогердин аты-жөнүнө дал келет.

Жарыяланган маалыматтарга таянсак, ошентип Куреновдун ишине байланыштуу ушуну менен бешинчи киши кармалды. Буга чейин Токтогул районунун 47 жаштагы (С.Ф.), Кара-Суу районунун 27 жаштагы (М.О. аял киши), Ысык-Көл облусунун (Р.Р. ) 50 жаштагы тургуну кармалган.

Аларга “Тилекмат Кудайберген уулунун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видеолорун монтаждап, социалдык тармактарда фейк аккаунттар менен жайылткан” деген айып коюлууда. Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

Мындан тышкары укук коргоочу, активист Рита Карасартова да ушул ишке байланыштуу камакта отурат.

Бишкек шаардык соту 13-майда Карасартованын бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Ошондой эле анын кармалышын мыйзамдуу деп тапканын “Азаттыкка” адвокаты Жаныш Бараков билдирди.

Карасартова 14-апрелде кармалган, 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Райондук сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан.

Кармалардын алдында укук коргоочу өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, муну Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Карасартованын кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырган.

Шек жараткан жагдайлар барбы?

Саясат талдоочу Мавлян Аскарбеков буларга токтолду:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Алдыда Куреновго байланыштуу иштин бардык жагдайлары ачыкталып чыгат. Бул жерде коомчулукка белгисиз күмөндүү, шек жараткан мандем бар экенин айткым келет. Себеби Куреновдин ишине байланыштуу бир топ кишилер кармалды", - дейт Аскарбеков.

Улуттук коопсуздук комитети 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Бишкекке жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал "конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган" деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.

Социалдык тармактарда Тилекмат Куренов деген ат менен белгилүү болгон Тилекмат Кудайберген уулу 39 жашта.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент Садыр Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири болгон. Дал ушул окуялардан кийин коомчулукка белгилүү боло баштаган. Кийин ал президентти жана бийликти катуу сындап келди.

“Садыр Жапаров камалгандан бери аны колдоп келдим. Октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин дагы тарапташтарынын бири болуп, бийлигин бекемдегиче колдоо көрсөттүм. Бирок Жапаровдун жанына буга чейинки президенттерди жолдон адаштырып жүргөн адамдардын топтолуп алышы көз карашымды өзгөрттү. Ошондо эле Садыр Жапаров буга чейинки убадаларын унута баштаган”, - деген Тилекмат Кудайберген уулу ошол кезде берген маектеринде.

Ал 2021-жылдары саясатчы Жеңиш Молдакматов менен бирге “Жетим-Тоону коргоо кыймылын" жетектеп, президент Садыр Жапаров демилгелеген конституциялык реформага каршы акцияларды уюштурганы маалым.

Куреновго, Ташовго козголгон кылмыш иштери

Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Активист өзүнө коюлган айыптарды четке каккан, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан жана Кыргызстандан чыгып кеткен.

Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан Куренов 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмирлигине барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат бул айтылгандарды четке каккан. Ушул окуядан бери ал Дубайда жашап жаткан.

Куреновдун аты буга чейин "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дагы аталган. 2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда атайын кызмат Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат ал тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге байланыштуу алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган. Ар кайсы аймакта алардын ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын билдирген.

Ташовдун өзүн атайын кызмат 2024-жылы 22-апрелде Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармаганын жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Кармалгандан кийин былтыр июнда ишкер УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнаганы жазылган.

Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. Ишкер кыйноого, шарттын начардыгына каршылык иретинде бир нече жолу ачкачылык кармады.

УКМК Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, кийинчерээк жактоочу тил кат менен абактан чыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG